• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өзбекстанга кыргыз жерлерин берүү тууралуу имиштер эл аралык террорчуларга шылтоо болот - эксперт

Коом 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Президент Шавкат Мирзиеевдин колдоосуна ээ болуу үчүн Кыргызстан чек ара маселесин Өзбекстандын пайдасына чечти деп президентикке талапкер Сооронбай Жээнбековго катара айтылган ушак-кептер эл аралык террорчуларга ыңгалдуу шарттарды түзүп берет.

Бул тууралуу чек ара жаатында серепчи, күч түзүмү боюнча экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди.

Кошумчалай кетүүчү жагдай, WhatsApp аркылуу маалымат тарап, анда президент Алмазбек Атамбаев Ш.Мирзиеевди Кыргызстанда жашаган өзбектерди С.Жээнбековго өз добуштарын берүүгө үндөшү үчүн кыргыздын жерлерин Өзбекстанга өткөрүп бергендиги тууралуу билдирүүлөр кетип жаткандыгын айтты.

“Менин оюмча вотсап-каналы аркылуу тараган бул маалымат жалган. Ал ассиметриялык мүнөзгө ээ. Бул маалыматта конкретүү факты жок, жалаң гана сөздөр, божомолдор. Биринчиден бул президенттикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековго катара болгон чагымчылдык. Экинчиден бул кыргыз элине каршы чагымчылдык. Ал Кыргызстандагы жагдайды туруксуздаштырууга багытталган. Көңүл буруңуздар, бул маалымат кезектеги улуттар аралык чыр-чатакты козутууга багытталган”,-деди Мамытов.

Төртүнчүдөн, анын айтымына караганда, бул учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түптөлүп келе жаткан мамилени бузуу.

“Бул президенттикке талапкер Жээнбековдун атаандаштарынын иши. Бирок, алар бул маалымат Фергана өрөөнүндөгү жагдай турксуздаштырууну каалаган айрым эл аралык тероорчуларга жем болуп жатканын түшүнүшкөн жок. Бул жерде Кыргызстандын коопсуздугуна, анын ичинде улуттар аралык ынтымакка жана албетте президентикке ат салышкан күчтүү талапкерлердин бири С.Жээнбековго катара болгон коркунуч”,-деп кошумчалады серепчи.

Пикир

Оставить комментарий