• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанга Moderna вакцинасынын дагы 2 миллиондон ашык дозасы жеткирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. 28-мартта Өзбекстанга COVAX программасынын алкагында Moderna вакцинасынын дагы 2 108 400 дозасы келди. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бул ушул айдын ичинде Өзбекстанга жеткирилген Moderna вакцинасынын экинчи ири партиясы. 9-мартта өлкөгө аталган вакцинанын 2 257 600 дозасы келгени кабарланган.

Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда коронавируска каршы калкты эмдөө өнөктүгүнүн алкагында вакцинанын 48 миллиондон ашык дозасы колдонулду. Жалпысынан өлкөгө келген вакцинанын жалпы саны 63 млн. 578 миң 553 дозага жетти. Алардын 10 688 860сын Moderna, 2 606 080нин AstraZeneca, 41 996 268ин ZF-UZ-VAC2001, 1 341 790нун Sputnik V, 4 626 180нин Pfizer/BioNTech, 1 976 000ин Sinovac жана 343 375 дозасын Sputnik Light вакциналары түзөт.

Өзбекстанда калкты коронавируска каршы жапырт эмдөө өнөктүгү 2021-жылы апрелде башталган.

Пикир

Оставить комментарий