• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад мэри муниципиалдык базардын курулуш иштеринен кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-январда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү жетекчилер менен Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндөгү реконструкцияланып жаткан муниципиалдык базардын курулуш иштеринен кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, аталган базардын курулуш иштери 2021-жылдын октябрь айында башталган. Учурда базардагы курулуштун 70%ы аяктады.

Шаар башчысы муниципалдык базарды ушул жылдын апрель айында пайдаланууга берүү пландалганын белгилеп, базардын ичинде бардык шарты менен 800дөн ашуун соода жайы болорун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий