• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 7 кудуктун капкагы уурдалды

Аймак 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында кудуктун темир капкактары уурдалды.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ түнү Жалал-Абад шаарынын Манас проспектисиндеги жолдун эки тарабында сууканал башкармалыгына таандык 7 кудуктун капкагы уурдалган.

"Учурда унааларга ыңгайсыздыкты жаратпоо жана адамдардын коопсуздугу үчүн уурдалган капкактардын ордуна башкасы коюлууда. Эгерде кимдир-бирөө темир капкактардын уурдалганын көргөн болсо же темир алуучу жайлар алган болсо 105, 0551 00-01-05 номерине байланышып коюңуздар", - деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаардык мэриясынан аталган фактылар боюнча мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгын кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий