• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында унаа карактаган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында унаа карактаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-январь күнү Жалал-Абад шаарынын 35 жаштагы тургуну М.З. арыз менен кайрылып, анда 2021-жылдын 23-январынан 24-январына караган түнү үйүнүн алдында турган өзүнө таандык болгон “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаасынын арткы эшигинин айнегин сындырып унаанын салонунан магнитафонун, алдыңкы бамперин жана аба эсептегичин белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Ал эми 2021-жылдын 6-февраль күнү Жалал-Абад шаарынын 34 жаштагы тургуну А.А. арыз менен кайрылып, жогорудагыдай эле фактыга окшош мааниде кабарлап, шаардын аймагындагы автоунаа оңдоочу жайдан ремонтто турган “БМВ” үлгүсүңдөгү автоунаасынын радиаторун, 2 даана фара, магнитафон, аккумулятор, бир даана күзгүсүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин жана ага жалпы - 38 000 сомдук материалдык чыгым келтирилгендигин билдирген.

Аталган фактылар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КР Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө берилген тергөө тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, январь айында болгон фактыга байланыштуу кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну 19 жаштагы К.Р. кармалып, кылган кылмышын толугу менен мойнуна алган.

Ошондой эле февраль айында болгон окуя боюнча кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургундары ошол эле 19 жаштагы К.Р. жана А.А., 20 жаштагы М.И. кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынып тергөөгө өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий