• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында үзүрлүү эмгектенген энергетиктер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында үзүрлүү эмгектенген энергетиктер сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын вице-эри Элдос Таев энергетика тармагында эмгектенген кызматкерлерди шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун жана жергиликтүү бийликтин атынан куттуктап, Ардак грамота жана белектерди тапшырып келди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-декабрь - Энергетиктер күнү.

Пикир

Оставить комментарий