• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Жалал-Абадда 10 көп кабаттуу үй борборлоштурулган жылытуу системасына өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 10 көп кабаттуу үй борборлоштурулган жылытуу системасына өткөрүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кө кабаттуу үйлөр Жалал- Абад райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин филиалы тарабынан тейленүүдө. Учурда көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүндө аталган борбордун кызматкерлери иш алып барууда.

Жарандар батирлерде жылытуу сиситемаларын орноштуруу жагын колдоп, учурда 6 көп кабаттуу үйдө жылуулукка кошуу системасы толугу менен бүткөрүлдү.

Калаа боюнча 55 көп кабаттуу үй борборлоштурулган жылытуу системасына уланган.

Пикир

Оставить комментарий