• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дөңгөлөгү жарылып кеткен. Баткенде жол кырсыгынан бир адам каза болуп, экөө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Алга айыл аймагындагы Жаңы-Чек айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 158-чакырымында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу "103" кызматынан маалымат түшкөн. Маалым болгондой, ВМВ үлгүсүндөгү жеңил унаанын дөңгөлөгү жарылып жолдон чыгып кеткен.

Унаанын ичинде төрт эркек киши болгон, бирөө жеринде каза болгон. Жабыркаган эки адам Кадамжай аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

"Каза болгон 43 жаштагы Ф.О. аттуу адам Өзбекстандын жараны. Маркумду куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен",- деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий