• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Жалал-Абадда дүйнө кубогунан байгелүү келген спортчуну тосуп алышты

Аймак 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен А.Харлампиевдин элесине арналган күжүрмөн самбо мелдешинде байгелүү орунду багындырган Бектур Идирисовду тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ал КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасында эмгектенет. Милициянын ага сержанты Бектур Идирисов 18-19-декабрь күндөрү Москва шаарында өткөрүлгөн дүйнөлүк кубокто коло медаль уткан.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Алмазбек Жусупов, «Шумкар» АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшан Кожобеков, Жалал-Абад шаарындагы «Динамо» спорт клубунун башкы машыктыруучусу, эл аралык даражадагы спорттун чебери Нурбек Самидинов жана спортчунун жакын туугандары катышып, анын ийгилиги менен куттукташты. Дүйнөлүк мелдешке катышуу жана байгелүү орундарды багындыруу сыймык экендигин белгилешип, Кыргызстандын желегин мындан ары да дүйнөлүк аренада желбиретип жүрүүсүн каалашты.

Пикир

Оставить комментарий