• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Жапаров израилдик лобби компания тууралуу пикирин билдирди

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн маалымат жыйынында израилдик лобби компания тууралуу пикирин билдирди.

Буга чейин жергиликтүү ишкер Садыр Жапаровдун аппаратынын атынан израилдик лоббист менен $1 млн долларга келишим түзгөндүгү тууралуу маалымат тараган. Кийинчирээк өкмөт аталган маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын расмий билдирген.

Жапаровдун айтымында, ага акыркы бир айдын ичинде 100дөн ашык инвестор кайтылган.

"Анын ичинде ири, орто жана майда инвесторлор да бар. Алардын бирөөсү экен. Ортодо жөн гана сөз болгон, жалпы маанидеги эле сөздөрдү айткам. "Биздин эшик инвесторлорго ачык. Эгер эки мамлекеттин ортосунда бирдей кызыкчылык болсо, анда биз иштешүүгө даярбыз" деп айткам. Баары эле макулдугун берип жатат. Инвестицияны алып келген Кыргызстандын жараны экен. Ал Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигине ТИМге ушул инвесторлорубуз Кыргызстанга тоскоолдуксуз келсин деп кат жазып бериңиз деп кайтылыптыр. Ал жерде жаңы кызматкер билбей кол коюп, ТИМге кат жиберип салыптыр. Бул майда-чүйдө гана кемчилик. Инвесторлор менен келишимдер ачык-айкын гана түзүлөт", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий