• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жапаров: “КЭР-КР-ӨзР” т/ж мамлекет үчүн келечекте ири кирешелердин агылып келишине шарт түзөт

Президент 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. «"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан« темир жолу мамлекет үчүн келечекте ири кирешелердин агылып келишине жана сырттан инвестициялардын тартылышына кеңири шарт түзөт», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, өлкөнүн биринчи Элдик курултайында сүйлөгөн сөзүндө.

«Биз эгемендик алган алгачкы жылдардан бери эле сөз болуп, бирок айрым бир саясий кызыкчылыктардын каршылыгынан улам чечилбей келаткан „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолун куруу келишимине жетиштик. Бул деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүп, биздин темир жолубузду транзиттикке айлантат. Бул өнүгүү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Бүгүнкү күндө Кытайдан инженер-адистер келип, Нарын, Жалал-Абад облустарында изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө. Бул жол мамлекет үчүн келечекте ири кирешелердин агылып келишине жана сырттан инвестициялардын тартылышына кеңири шарт түзөт», — деди мамлекет башчысы.

Садыр Жапаров ошондой эле темир кендерин иштетүү маселесине да токтолду.

«Келечекте темир жол курулушуна, ГЭСтерибизди курууга, өлкөдөгү бардык курулуштарга сырттан темир сатып албай, өз темир кендерибизди пайдаланууну, темир рудасын кайра иштетүү жана өндүрүү боюнча заманбап заводдорду курууну көздөп жатабыз. Себеби бүгүнкү күндө темир сатып алууга жылына бир нече миллион доллар жумшайт экенбиз. Ушундай каражатка өзүбүзгө заманбап темир иштете турган завод куруп алсак, өлкөбүздөн ири каражаттын сыртка агып чыгып кетишин токтотуп эле калбастан, темирди экспорттоо менен мамлекетибиздин казынасына олуттуу киреше киргизебиз», — деди президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий