• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Станислав Зась менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы ЖККУнун алкагындагы ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө артыкчылыктуу маани бере тургандыгын жана Уюмдун аймактагы коопсуздуктун иштиктүү механизми катары дараметин бекемдөөгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась өз кезегинде үстүбүздөгү жылдын декабрь айына өткөрүү пландаштырылган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына карата даярдыктардын жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле Уюмдун жакынкы мезгилге артыкчылыктуу багыттары тууралуу кабарлады.

Садыр Жапаров кыргыз тарап ЖККУнун ордун жана маанисин жогорулатууга кызыкдар экенин баса белгилеп, ошондой эле пандемияга байланыштуу социалдык-экономикалык оор абалга карабастан, Кыргыз Республикасы ЖККУнун бюджетине төгө турган мүчөлүк төлөмүн төлөө боюнча бардык милдеттерин толук аткара тургандыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий