• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Жээнбеков БАЭ президентин БАЭ Мамлекетинин жарыяланган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-декабрда Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахаянды БАЭ Мамлекетинин жарыяланган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана Бириккен Араб Эмираттарынын жалпы элин Бириккен Араб Эмираттарынын Мамлекетинин жарыяланган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Биргелешкен иш-аракеттерибиздин аркасы менен биздин мамлекеттерибиздин ортосундагы достук мамилелер эки элдин кызыкчылыктары үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков БАЭ Президенти Халиф бин Зайед Аль-Нахаянга бекем ден соолук, бакубаттуулук жана иштерине ийгиликтерди, ал эми БАЭ элине тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий