• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ЖК депутаты А.Юсуров: С.Жээнбеков ар-бир кыргызстандыкка кам көргөн акылман президент болот

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 07.10.17 /Кабар/ю Биз бүгүн Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенттигине эң мыкты талапкер экенин көрүп жатабыз, деп билдирди КР Жогорку Кеңешинин депутаты Абдумажит Юсуров КР президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Ал белгилегендей, ашыкча популизм, куру убадаларсыз, эң реалдуу программа - бул Сооронбай Жээнбековдун программасы. «Ал премьер-министр кызматында Кыргызстандын өнүгүүсүнө эң чоң салым кошту. Чек ара маселелерин чечүүгө салымы баа жеткис. Бүгүн кыргыз-өзбек элинин ортосундагы достук калыбына келип жатканына күбө болуудабыз. Чек аралар ачылып, соода-сатык жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болууда. Бул анын эң чоң салымы», - деп белгиледи депутат.

Анын айтымында, көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда жана буга чейин ашырылды. Кыргызстандын деңгээлин жаңы тепкичке көтөргөн Көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. «Кыргызстан бүгүн эл аралык деңгээлде Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүнүн аркасы менен эл аралык деңгээлде таанылды. Бир жарым жылдын ичинде эле ал өзүнүн эмгеги менен президенттикке эң мыкты талапкер экенин көрсөттү. Ал бизде жашаган ар- бир Кыргызстандын жараны жана улутуна кам көрөт. Премьер-министр кезинде биздин кичинекей Ырдык айылынын 140 жылдыгы менен келип, элибизди куттуктап кеткенине ыраазычылык билдирем», - деп эскертти Абдумажит Юсуров.

Ал бардыгын 15-октябрда өз туугандары, достору, тааныштары менен шайлоо участогуна келип, шайлоо бюллетенинде №9чу Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды. «2011-жылы кыргызстандыктар Алмазбек Атамбаевди президент кылып шайлап, туура тандоо жасашкан. Акылман элибиз бул жолу да туура тандоо жасап, Сооронбай Жээнбековго добуш берет деп ишенем», - деп айтты Абдумажит Юсуров жана өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан бийик койгон Сооронбай Жээнбековго добуш берүүгө чакырды.

- Даярдоочу: КУМА “Кабар”
- Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
- КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
- Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 07.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий