• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жумабеков Абдулла Аль-Маатук баштаган Ислам эл аралык кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Абдулла Аль-Маатук баштаган Ислам эл аралык кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда төрага Дастанбек Жумабеков Кувейт мамлекетинин меценаттарынын жана кайрымдуулук уюмдарынын Кыргызстанда жүргүзүп жаткан кайрымдуулук иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Бир катар мектептердин курулуштарына көмөк көрсөткөн айрым кайрымдуулук фонддорду мисал кылган төрага Дастанбек Жумабеков, андан тышкары алардын жардамы менен айрым айылдарда ФАПтар курулуп, Баткен облусунда турак-жайга муктаждарга үйлөр, окуучуларга стипендиялар таратылып жатканына токтолду.

Ошондой эле Төрага Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы алака мындан ары да жигердүү улантыларынан үмүт артарын билдирди. Анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, авиа каттамдарды ачуу сыяктуу башка багыттардагы алакалар эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө болорун кошумчалады.

Өз кезегинде Абдулла Аль-Маатук жылуу кабыл алгандыгы үчүн төрага Дастанбек Жумабековго ыраазычылык билдирип, Кыргызстандагы бул иш сапар жагымдуу таасирлери менен делегация мүчөлөрүнүн эсинде каларын белгиледи. Мындан сырткары, Ислам эл аралык кайрымдуулук уюму кызматташтыкты жемиштүү улантууга кызыкдар экенине токтолгон Абдулла Аль-Маатук социалдык, гуманитардык жана соода-экономикалык багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга инвестиция тартууга көмөктөшөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий