• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоору боюнча 3 млрд 765 млн сомго насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Жыл башынан бери "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоору боюнча 3 млрд 765 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Каржы министрлигинин Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 3-июлга карата "Айыл чарбасын каржылоо – 8" долбоорунун алкагында коммерциялык банктар аркылуу элеттик товар өндүрүүчүлөргө 3 млрд 765 млн сомго 7 миң 459 жеңилдетилген насыя берилген.

Анын ичинен:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 388,3 млн сомго 1 173 насыя,

- мал чарбачылыгына – 2 435,8 млн сомго 6 124 насыя,

- кластерге – 185,2 млн сомго 81 насыя,

- кайра иштетүү тармагына – 391,9 млн сомго 70 насыя,

- ун өндүрүүгө – 363,8 млн. сомго 11 насыя берилди.

Пикир

Оставить комментарий