• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жыл башынан бери Өзбекстанда 13 чоң мечит ачылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Өзбекстанда 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында жаңы 13 чоң мечит ачылды. Бул тууралуу Казакстанда өткөн «Бир тууган элдердин жалпы рухий дөөлөтү» деп аталган эл аралык форумда Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий Усманхон Алимов билдирди.

«Сурхандарья облусунда эле жаңы 7 чоң мечит иштей баштады», – деди Өзбекстан муфтийи.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматтарына караганда, эл аралык форумга Өзбекстан менен Казакстандын 600гө жакын дин адамдары катышты. Алар тажрыйба алмашып, мечит имамдарынын билимин, имиджин жана жоопкерчилигин, ошондой эле азыркы коомдогу ролун жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Уюштуруучулардын пикиринде, бул жолугушуу бир тууган эки элдин руханий кызматташуусун бекемдейт.

Жыл башында Өзбекстандын чоң жолдорунун жээгинде жолоочулар жана туристтер үчүн кичинекей мечиттер ачыла турганы белгилүү болгон. Алар 20-30 кишиге ылайыкташтырылып курулуп, даарат алуу жана намаз окуу үчүн бардык шарттар түзүлө турганы айтылган.

Андан тышкары былтыр Ташкенттин эл аралык аэропортунда намазканалар ачылган.

Пикир

Оставить комментарий