• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

14:30га карата добуш сатып алуу жана админресурсту колдонуу фактылары катталган жок - Шайназаров

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Саат 14:30га карата БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобу добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу учурларын каттаган жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдириди.

Анын айтымында, саат 14.30га карата топко бардыгы мыйзам бузуулар жөнүндө 20 билдирүү келип түшкөн, алардын ичинен:

- жабдуулардын иштен чыгышы боюнча– 4 билдирүү;

- участкалык шайлоо комиссияларына даттануулар боюнча – 14 билдирүү;

- шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча – 1 билдирүү;

-аймактык шайлоо комиссияларынын же участкалык шайлоо комиссияларынын талаптарынын аткарылбагандыгы боюнча – 1 билдирүү.

Пикир

Оставить комментарий