• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 15.10.22 /Кабар/. 17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкектин айрым райондорунда газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында 17-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө сызылып чыккан газды токтотуу боюнча оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Чүй, Ибраимов, Москва, К.Акиев; Жибек Жолу, Суюмбаев, Түгөлбай Ата, Шопоков; Элебаев, Байтик Баатыра, Кулатов, Лев Толстой көчөлөрү; "Жыргал" мончосу кесилишкен аймакта жаратылыш газы өчүрүлөт.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий