• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылы Кыргызстанда 100 ишканага мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт

Экономика 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Быйыл Кыргызстанда министрлер кабинетинин колдоосу менен 100 өнөр жай ишканасын ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары каралган коллегияда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул планды ишке ашыруу максатында 2 миң 58 өнөр жай ишканасынын тизмеси түзүлүп, алардын интерактивдүү картасы түзүлүүдө.

"Жакынкы аралыкта ишке ашырылып жаткан ар бир долбоор үчүн бирден куратордук механизмди киргизүү боюнча президенттин жарлыкка кол коюушу күтүлүүдө", - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий