• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

20-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 20-декабрга карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртен менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4...+9, Талас жана Ысык-Көл облустарында +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5...+10 градус жылуу, Нарын облусунда -3...-8 градус суук болот, ал эми Бишкек шаарында +6...+8, Ош шаарында +8...+10 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий