• 88.68
  • 95
  • 0.95

25-февралга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. 20нан 22-февралга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 20-февралда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл жана Нарын облустарында кар жаашы 21-22 февралдарда күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Эртең, 21-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, Чүй, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарында кар жаашы тоолуу райондорунда гана күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-февралда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-22-февраль күндөрү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

23-февралдан 25-февралга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий