• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

3 тонна пахта, турак үй, унаа толугу менен күйгөн. Кыргызстанда бир суткада 7 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Өлкө аймагында бир сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бүлүмү тартылган.

Алсак, Биринчи май районунун Худайбергенов көчөсүндө жолдун жээгинде “Мерседес-Бенц” үлгүсүндө унаа толугу менен жана жанындагы турган “Тойота Камри С230” үлгүсүндө унаанын бампери күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарында Крупская көчөсүндө жайгашкан жыгач устунду тунуке менен жабылган аянты 350 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн, өрт коңшу үйгө өтүп, натыйжада жыгач устунду шифер менен жабылган сарайдын 50 чарчы метри чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Бостон айылындагы “Достук ЭРКА” пахта заводунун аймагында 3 тонна пахта күйгөн. Өрттүн себеби: автотранспорттук техниканы пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий