• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абсаттар Сыргабаев Кара-Көл шаарынын тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-апрелде КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Кара-Көл шаарынын 500дөн ашуун жашоочулары менен жолугушту.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында жарандар облус башчысына жалпы жүздөн ашуун ар түрдүү көйгөйлөр менен кайрылды. Ыйгарым укуктуу өкүл айтылган бардык кайрылуулар, анын ичинен жергиликтүү маанидеги маселелерди тез аранын ичинде чечүүнү тапшырды.

Жарандар аймакта жайгашкан Токтогул ГЭСтеринин каскадына тургундарды жумушка кабыл алуудагы көйгөйлөр, ошондой эле социалдык маселелерден шаардын инфраструктуралык абалын жакшыртуу, турак үй салууга жерлерди трансформациялоо, ичүүчү таза суу, жаңы конуштарга талапка ылайык электр энергиясын тартуу, сапаттуу медицина менен камсыздоо боюнча кайрылышты.

Өкүл жолугушууда көтөрүлгөн көйгөйлөр протоколдоштурулуп, аткарылышын жеке көзөмөлүнө алаарын айтты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 27 миңдей калк жашайт.

Пикир

Оставить комментарий