• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Катардын элчиси менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдалла Ахмед Аль Сулайти менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Өкмөт башчы Абдалла Ахмед Аль Сулайтини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мунун өзү эки мамлекеттин өз-ара мамилелерин мындан ары карай чыңдоого өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, кыргыз тарап Катар менен эки тараптуу өз-ара алакаларды өнүктүрүүгө чоң маани берет.

Абылгазиев катар тарапка өлкөдөгү ар кыл долбоорлорду ишке ашырууга көмөккөрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга катар ал өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жетишсиз деңгээлде экендигин белгилеп, буга байланыштуу аталган багыттагы ишти биргелешип күчтөндүрүү зарылдыгын билдирди.

Абдалла Ахмед Аль Сулайти өкмөт башчыны мурдагы келишимдердин бардыгыкатар тарабынан бекитилген графикке ылайык аткарылаарына ишендирип кетти. Ал ата мекендик айыл чарба жана жер казнасын пайдалануу тармагы инвестициялоо үчүн жагымдуу саналаарын баса белгиледи.

Ошондой эле Абдалла Ахмед Аль Сулайти маалымдагандай, жакын арада Катар кайрымдуулук фонду тарабынан бир нече ири долбоорлор ишке ашырылат, анын бири аркылуу Бишкек шаарындагы онкологиялык балдар ооруканасы тийиштүү жабдуулар менен камсыздалмакчы.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын жарандары үчүн визасызрежимин, ошондой эле өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын киргизүү мүмкүндүгүнталкуулашты. Премьер-министрдин айтымында, бул атамекендик экономиканын тармактарында катар инвестицияларынын көлөмүн өстүрүүгө жана өлкөлөр ортосунда соода-экономикалыккөрсөткүчтөрдү жакшыртууга шарт түзөт.

Ошону менен бирге Абылгазиев өлкөдө ишкерликти каржылоо үчүн кыргыз-катар инвестициялык фондун түзүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

«Биргелешкен кыргыз-катар ишканалары айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайраиштетүүгө тартылмак. «ВСП+» статусу аркылуу Кыргызстандын жакынкы чет өлкөлөргө, ЕАЭБжана Европага экспорттоого жакшы мүмкүндүгү бар»,- деп баса белгиледи Абылгазиев.

Ошондой эле ал араб өлкөлөрүнүн туристтеринин Кыргызстанга болгон кызыгуусу жогорулашын канааттануу менен белгиледи.

Премьер-министр түз аба каттамдарын ачуу Катардан келген туристтердин санын өстүрүүнү өбөлгөлөшүнө ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий