• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев: «Коопсуз шаардын» кийинки этаптарын ишке ашырууда жарандардын пикирин эске алуу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 02.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Коопсуз шаар” долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруунун алкагында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө долбоорду ишке ашыруунун алкагында автосүйүүчүлөр көтөргөн маселелер, техникалык кемчиликтерге байланыштуу маселелер талкууланды.

Өкмөт башчысы жарандардын жигердүү позицияларына ыраазычылык билдирди, жооптуу мамлекеттик бийлик органдары тарабынан иштин жетишсиздигин, кайдыгерлигин аныктоого жардам берет.

Жыл башынан бери долбоордун башталышы, мамлекеттин жарандарынын колдоосу менен кеңири аракетте “Коопсуз шаар” долбоорун толук кандуу ишке ашырууга жетишилгендигин, борбор шаардын жол инфраструктурасын жакшыртууга кеңири масштабдуу иштер уюшулгандыгын Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгиледи.

Буга байланыштуу Премьер-министр тез арада жарандар көрсөткөн туура эмес жол белгилерин, орнотууга байланышкан жол кыймылынын уюштуруу ачылган кемчиликтерин жоюу тапшырмасын берди.

“Айдоочулар жолдун кээ бир бөлүктөрүндөгү жол белгилерин уюштурууга, жол иштерин жоопкерчилик менен уюштурууга чакырышкан. Абдан чоң жумуш аткарылгандыгын белгилөөгө болот – тиешелүү мамлекеттик органдар оперативдүүлүк менен өздөрүнүн жетишсиз иштерин оңдошкон, биздин жолдо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашкан”, – деп белгиледи Премьер-министр.

Кырдаалдын оорлошуусуна күнөөлүү кызматкерлерди дициплинардык жоопко тартуу, кызматынан бошотуу чаралары көрүлүшү керектигин Премьер-министр белгиледи.

Бул Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жоопкер түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, анын ичинде эреже бузду делип акыркы айыппул чектелген жактоочу Акин Токталиевге да тиешелүү. Буга байланыштуу ИИМге оорлошкон кырдаалга дыкат изилдөө тапшырылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө жолдорунда жол кырсыктарынын алдын алууда, адам өлүмүнүн санын кыскартууда “Коопсуз шаар” долбоору абдан керек экендигин эске салды. Статистика көрсөткөндөй долбоор өз максатына жетүүдө.

Мындан сырткары, жыйындын жүрүшүндө “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу иштери талкууланды.

“Жылдын 27-июнунда конкурстук арыздар ачылат. Квалификациялык талаптарга жана техникалык чечимдерге көрсөтүлүп, алардын сунуштамасы боюнча сынактын кийинки туруна киргизилип, 21 күнгө созулат. Баалоонун жыйынтыгы менен ачылган сунуштамага төмөнкү баадагы сунушталган тендердик өтүнмө гана жеңишке жетет. “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы бүтүндөй өлкөнү камтыйт. Подрядчы келишим түзүү үчүн бир жыл ичинде бардык уруксатты алууга жана өлкөнү техникалык жабдуу, программалык комплекс менен камсыздоо системасын республиканын бардык аймактарына орнотууну камсыз кылууга тийиш.

Долбоорду толук ишке киргизүү кийинки жылга пландаштырылып жатат.
Долбоордун экинчи этабында аппараттык-программалык 306 түйүн: 266 стационардык жана 40 көчүп жүрүүчү комплексин жабдыйт”, – деп билдирди Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастанбек Догоев.

Премьер-министр “Коопсуз шаар” долбоору боюнча кийинки этапта ишке ашыруу тартибин калыбына келтирүүгө жана кээ бир мамлекеттик органдардын күч-аракети менен гана эмес, республика боюнча жолдордун, ошондой эле коомдун активдүү жарандары колдоого көңүлүн бурат деп ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий