• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиевдин Ысык-Көл боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын экинчи күнү аяктады (фоторепортаж)

Өкмөт 0

Бишкек, 08.07.18. /Кабар/. Өкмөт башчы кечээ, 7-июлда, Аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынына катышты.

Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстандагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) борборуна барып, «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары менен таанышты.

Мындан тышкары Ысык-Көл облусу боюнча жумушчу сапарынын жүрүшүндө ал Каракол шаарынын унаа жолдорун реконструкциялоо пландары менен таанышып чыкты.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Ак-Суу районунун Тепке айылындагы дыйкан чарбанын жана Жеңиш айылындагы «Жанаалы» фермердик чарбасынын ишмердиги менен таанышып, Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы мектептин абалын көрүп келди.

Пикир

Оставить комментарий