• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адылбек Бийбосунов Интерполдун президенти менен глобалдык коопсуздукту талкуулады

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Сеул шаарында өтүп жаткан маанилүү эл аралык полиция саммитинин алкагында ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Интерполдун президенти - Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин башкы инспектору Ахмед Нассер Аль-Райси менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар глобалдык коопсуздук маселелерине көңүл буруп, укук коргоо органдарынын алдында турган заманбап чакырыктарды чечүүдө өлкөлөрдүн кызматташуусунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Кыргызстандын укук коргоо министринин биринчи орун басары жолугушуу эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен иш-чаралардын мындан аркы пландарын талкуулоо үчүн жемиштүү негиз түзөөрүнө ишеним билдирди.

"Бүгүнкү күндө кылмыштуулуктун чеги жок. Ааламдашуу жана санариптештирүү кылмыштуулуктун улуттук жана географиялык чектерин жок кылды, бул кылмыш ишмердүүлүгүн кеңири жайылтты, аны жасоо оңой жана аныктоо кыйын болуп калды.

Акыркы жылдары биз COVID-19нын кыйратуучу кесепеттерине жана пандемия глобалдык кылмыштуулукка кандай олуттуу таасирин тийгизгенине күбө болдук. Технологиялык прогресстин өнүгүшү менен санариптик мейкиндик кылмыштуулукка каршы күрөштүн негизги аймагына айланууда, дүйнө жүзү боюнча миңдеген адамдар киберкылмыштуулуктун ар кандай түрлөрүнүн курмандыктарына айланууда.

Бул жаңы чакырыктар укук коргоо органдарын жакшыраак даярдоону жана заманбап технологияларды биздин күнүмдүк ишибизге киргизүүнү талап кылат. Бул жагдайда Интерполдун мүмкүнчүлүктөрү, Интерполго мүчө 195 өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн колдоого жана уюштурууга мүмкүндүк берет", - деди Адылбек Бийбосунов.

Сүйлөшүүнүң соңунда тараптар бардык өлкөлөргө тиешелүү коркунучтарга каршы турууда биримдиктин жана тилектештиктин маанилүүлүгүн белгилешти.

Белгиленгендей, бул маанилүү окуя дүйнөлүк коомчулукта тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга багытталган укук тартиби жана коопсуздук жаатындагы мамлекеттердин кызматташтыгынын жаңы толкунун билдирет.

Пикир

Оставить комментарий