• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жолдор тайгак болуп, кар көчкү түшүүсү ыктымал. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 20-21-ноябрында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Каракол - Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий