• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте аялдама комплекстерин жаңыртуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Бишкекте аялдама комплекстерин жаңыртуу уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Фучик көчөсүндө Аска-Таш мемориалдык комплексинен Чүй проспектисине чейин 8 аялдама комплексин алмаштыруу жана көрктөндүрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө 6 аялдама комплекси шаардын калкын тейлөөдө, дагы 2 комплекс бүткөрүү процессинде.

Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишиндеги "Мамлекеттик салык кызматы” аялдамасы демонтаждалып жатат, дүмүрлөрдү алуу, аймактарды тазалоо жана таяныч дубалды монтаждоо иштери жүргүзүлүп, иштер 70%га бүткөрүлдү.

Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде "Ала-Тоо "кинотеатры аялдамасынын эски асфальты сыйрылып, түтүктөр жана бордюрларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Иштин 50%ын ушул айдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Абдрахманов жана Фрунзе көчөлөрүндө "Цирк" жана Чүй жана Манас проспектилеринин ортосунда "Шумкар" аялдамаларында комплексти орнотуу иштери жүргүзүлүүдө, аянтчаны уюштуруу комплекс орнотулгандан кийин башталат.

Төмөнкү объектилерде иштер аяктады:

- Чүй жана Ч. Айтматов проспектисинин кесилишинде – "Филармония" аялдамасы;
- Чүй проспектиси менен Павлов көчөлөрүнүн кесилишинде;
-Чүй проспектиси менен Ленин райондук администрациясынын маңдайындагы Фучик көчөсүнүн кесилишинде;
- Шабдан баатыр жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинде;
- Манас проспектисинде - "Шампанвинкомбинат"аялдамасы.

Пикир

Оставить комментарий