• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аида Салянова 5 жылга соттолду, бирок чечим кечиреек ишке ашырылат

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.17./Кабар/. ЖКнын депутаты, мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова мүлкүн конфискациялоо менен бирге 5 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 10-октябрда Ленин райондук соту чыгаргандыгы тууралуу “Кабар” агенттигине мамлекеттик айыптоочу Нурлан Тагаев билдирди.

Анын айтымы боюнча, Салянова Кылмыш жаза кодексинин 72-беренесине ылайык айыпталып, өкүм кичүү кызы 14 жашка чыккандан кийин аткарылат.

“Болжол менен 12-13 жылдан кийин жазасын өтөйт”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-декабрында “кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган” деген негизде Кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча Саляновага кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына тапшырылган. Аида Саляновага юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп турганда, 2010-жылдагы революциядан кийин, издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деген айып тагылган. Районндук соотун чечими жогорку инстанциядагы сот органдары өзгөртүүсүз калтылса ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий