• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айдоочуларга эскертүү: Айтматов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Бишкектин Ч.Айтматов менен М.Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жолду оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Оңдоо иштерине байланыштуу узакка созулган жол тыгындары пайда болууда.

“Жеринде кайгуул кызматкерлери жол тыгындарын алдын алууда. Ага карабастан транспорттордун түштүккө көздөй агымы абдан көп болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Кайгуул кызматы айдоочуларга маршурттук каттамын алдын ала пландап, башка жолдор менен жүрүүнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий