• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек акы салыктык кирешелердин негизинде гана көбөйтүлүүдө – Финансы министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Эмгек акы салыктык кирешелердин негизинде гана көбөйтүлүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча төмөнкү милдеттер коюлган:

  • 1 апрелден баштап социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы орточо 50%дан 100%га чейин жогорулатылган. Тогуз айга кошумча керектөөчү каражат 26 млрд сом түзүп, ал эми бир жылга 34,2 млрд сом талап кылынат.
  • 1 августтан тартып мамлекеттик кызматкерлер, күч блогунун бош жалданган жана жарандык персоналына эмгек акысы жогорулап, кошумча керектөөчү каражат беш айга 7 млрд сом түзүп, ал эми бир жылга 16,8 млрд сом талап кылынат.

2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, аскер кызматчыларга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий