• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова Египеттеги эл аралык мелдеште алтын медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 25.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынады. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды. Чейрек финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Жарым финалда украиналык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга өттү.

Алтын үчүн кармашта кыргыз кызы кытайлык Сяоцзюнь Луону 3:2 эсебинде артта калтырып, турнирдин алтын медалына татыды.

Эскерте кетсек, ушул эле жылдын 3-февралында Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинин тандоо турунда Айсулуу Тыныбекова дал ушул кытайлык Сяоцзюнь Луого жеңилип, мелдешттен четтеп калган.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло уткан.

Пикир

Оставить комментарий