• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Zagreb Open мелдеши: Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашына утулуп калды

Спорт 0

Бишкек, 03.02.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы Zagreb Open эл аралык рейтингдик мелдешинде алгачкы атаандашына утулуп калды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Мелдеш 1-5-февралда Загреб шаарында өтүүдө.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин тандоо турунда кытайлык Сяоцзюнь Луо (Xiaojuan Luo) менен күрөштү. Тыныбекова канчалык аракет кылганына карабастан атаандашы эки жолу төрт упай илип кетти. Жыйынтыгында ал кыргыз спортчуну 10:4 эсебинде утуп алды. Эгер Луо финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Айпери Медет кызы (76 кг) дагы катышууда. Ал 4-февралда Бишкек убактысы менен саат 15:00дө килемге чыгат.

Пикир

Оставить комментарий