• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына документтерди кабыл алуу уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга документтерди кабыл алуу уланууда. Сынакты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жарыялаган.

Документтер 2023-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат.

Салттык руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү жана сактоо, гуманизм жана жаш муундарды мекенчилдикке жана жаратмандыкка тарбиялаган чыгармаларды жаратууга, рухий дене бой жактан тарбиялоо принцибин бекемдөө, ошондой эле өлкөнүн мыкты чыгармачыл күчтөрүн аныктоо максатын көздөгөн сынак өз ичине 11 номинацияны камтыйт.

Алар:

  • “Адабият жаатындагы мыкты чыгарма”;
  • “Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма”;
  • “Музыкалык искусствонун мыкты чыгармасы жана аткаруучулук чеберчилик”;
  • “Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство)”;
  • “Шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоор”;
  • “Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы”;
  • “Кино жаатындагы мыкты жетишкендик (сценарийлик, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер)”;
  • “Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш”;
  • “Экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик”;
  • “Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик”;
  • “Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн”.

Талап кылынуучу документтер:

  • сунуштоочу кат;
  • чыгармачыл союздун башкармасынын чогулушунун протоколун;
  • кыскача өмүр баян (4x6 см 2 фотосүрөт);
  • чыгармачылык мүнөздөмө;
  • сыйлыктары жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү;
  • иштин кыска (эки беттен ашпаган) аннотациясы;
  • паспорттун көчүрмөсү.

Изденип алуучулардын жаш курагы 35 жаштан жогору болбоосу керек.

Сыйлыкка татыктуу болгон лауреаттар диплом, төш белги жана 100 миң (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылат.

Дареги: Пушкин көчөсү 78, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатты министрлиги, 1-кабат, Жаштар саясаты башкармалыгы, байланыш телефондору 0(312) 66-09-52, 62-11-94.

Пикир

Оставить комментарий