• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министри: Быйыл жазгы-талаа иштери кыйла эрте башталды

Коом 0


Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Быйыл жаз 10 күнгө эрте келип, жазгы-талаа иштери кыйла эрте башталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан брифингде Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев маалымдады.

Министрдин айтуусунда, учурда көптөгөн жумуштар алдыга жылып, жакшы темпте жүрүп жатат.

"Күзгү кылкандуу дан эгиндеринин 88,5 миң га жер аянттары азоттук жер семирткичтер менен азыктандырылган, же белгиленген тапшырма 92,0 %, аткарылды. Жер айдоо иштери бүгүнкү күндө 52 пайызга жетип калды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир топ жогору, тактап айтканда, 47,7 миң гектарга, бардыгы болуп 330 миң 400 гектар жер айдалган", - дейт Чодуев.

Ал кошумчалагандай, жазгы кылкандуу дан эгиндерин себүү былтыркы жылга караганда быйыл бир топ жакшы, 66%ды түздү. Андан тышкары, картошканы отургузуу 10 миң гектарга жетип калды, бул тапшырманын 14 пайызын түзөт.

"Жашылча 12 миң гектарга себилген, тапшырманын 22,3% түзүп, өткөн жылга караганда 2,2 миң гектарга көп отургузулууда. Кант кызылчасы боюнча да жумуш өз ыргагында жүрүүдө. Учурда 4,9 миң гектарга отургузулду, тапшырма 35,8%ды түздү. Май өсүмдүктөрү 8 миң гектарга эгилип, божомол боюнча 31,5% түздү. Бакча өсүмдүктөрү 1,5 миң гектарга эгилген. Тапшырма 13,3% түздү. Чанактуу өсүмдүктөр 430 гектарга себилди", - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий