• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айзада Субакожоева ШКУнун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.02.18. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлер Кеңешинин чечими боюнча Айзада Субакожоева ШКУнун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Айзада Субакожоева 1979-жылы 9-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык кызматташтык факультетин аяктаган.

2004-жылы Пекин университетинин эл аралык факультетин бүтүргөн (магистратура).

Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси.

Пикир

Оставить комментарий