• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акматова: 1-декабрга карата балдар арасында COVID-19 жуккан 320 учур катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1-декабрга карата балдар арасында COVID-19 жуккан 320 учур катталды. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын маалыматына таянсак, сентябрь айында 7ден 17 жашка чейинки балдардын арасында оору жуккан 48 гана учур катталды, октябрь айында 315 учур, башкача айтканда, 6,5 эсеге көбөйгөн. Ал эми 1-декабрга карата 320 учур катталды.

"Мектепке баруу менен байланышкан бир дагы учур катталган эмес, бардык учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу болгон", - деп билдирди Акматова.

Пикир

Оставить комментарий