• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 34 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 34 жаран каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 4, Нарын облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4 жаран коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-июлга карата оронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 27 миң 143кө жетти. Илдеттен жалпы 13 миң 109 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1037ни түзөт.

Пикир

Оставить комментарий