• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксы районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Аксы районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар айылында Hyundai Porter жана ВАЗ-2107 унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлери Шамалды-Сай шаарчасынын ооруканасына алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий