• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксыда WhatsApp аркылуу туура эмес маалымат тараткан жаран Сумаянын жакындарынан кечирим сурады

Коом 0


Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Аксыда WhatsApp мессенджери аркылуу туура эмес маалымат тараткан жаран Сумаянын жакындарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин WhatsApp мессенджери Аксы районунун Кашка-Суу айылынын элине Сумаяны мисал кылуу менен эскертүү берип этият болууга чакырган үн жазуу тараган. Бул үн жазуу социалдык тармактарда башка тайпаларга да тарап, коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн.

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) жана Аксы РИИБи тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул үн жазууну жаздырып WhatsApp тайпасына тараткан Аксы районунун 1982-жылы туулган К.Ш. аттуу тургуну экендиги аныкталды.

Ал бул үн жаздырууну айыл өкмөттүн элине балдарга көз салуу менен этият болууга чакырып, бирок Сумая тууралуу толук маалымат билбей туруп экспертиза чыкты деп тайпаларга бөлүшүп жибергендигин, бул туурасында өкүнүп жаткандыгын айтып, жалпы коомчулуктан жана Сумаянын жакындарынан кечирим сурады.

Бул факты Аксы РИИБдин МЭЖне текшерүүнү талап кылган материал болуп катталып, учурда алдын ала текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий