• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Акыйкатчы: Өлкө менен элдин экиге бөлүнүүсүнө жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө керек

Коом 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти:

“Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет деп жарыяланган. Укуктук мамлекет - деп социалдык, саясий, идеологиялык, диний ж.б. ынанымдарына жана абалына карабастан бардык адамдар мыйзам алдында бирдей болгон мамлекетти айтабыз.

Укуктук мамлекет сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө болушу үчүн биз мыйзамды сыйлап ага баш ийишибиз керек.

Кой-Таш айылындагы кечээги окуянын хроникасы көрсөткөндөй, тынч мезгилде адамдар жабыр тартты, тилекке каршы бир аскер адамы курман болду. Курман болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандар тезирээк айыгып кетишин каалайм.

Мен, өлкөнүн Акыйкатчысы катары укук айдыңынан чыкпоого чакырам. Мурунку президент А. Атамбаевге кайрылам, эгерде Сиз укук коргоо органдарына ишенбей, ИИМ ичинен күбө катары көрсөтмө бергиңиз келбей жаткан болсо, мен ал көрсөтмө берүү үчүн Акыйкатчы институтунун аянтчасы менен камсыз кылып, Сиздин коопсуздугуңузду камсыздалышына кепилдик берүүгө даярмын.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сиз Кыргыз Республикасынын Күч органдарынын башкы кол башчысы болгонсуз. УКМКнын жетекчилеринин буйругун аткарган кызматкерлерин кармап турууга жол берилбеши керек.

Мен мамлекеттин мыйзамдарын сактоого баарын чакырам. Тынч күндөрдө эч ким жапа тартпашы жана курман болбошу керек. Кыргызстан олуттуу кооптуулуктун алдында турат.

Республиканы жана элди бөлүүгө жана абалдын андан ары чыңалышына жол бербөө керек.

Бирдиктүү Кыргызстандагы туруктуулук жана тынчтык – бардык кыргызстандыктар үчүн эң башкы баалуулук!

Эки күндөн кийин бардык мусулмандар үчүн адамдарды боорукерликке, адамкерчиликке, мээримдүүлүккө үндөгөн – Курман айт болгону турат. Бул үй-бүлөнү, улутту, коомду жалпысынан баарыбызды бириктире турган майрам.

Андыктан, мамлекеттин кызыкчылыгы жеке кызыкчылыктан жогору турушу абзел!

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган. Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, оор абалда ооруканада. Атамбаевдин кызматкерлери тарабынан 6 атайын дайындалган бөлүктүн кызматкери барымтага алынган.

Пикир

Оставить комментарий