• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кой-Таштагы окуя: Жабыркаган 11 адам дарылануудан өтүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Мурдагы президент Алмабек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда күч түзүмдөрү менен Атамбаевдин тарапташтары ортосунда кагылышуу болуп, адамдар жабыркаган.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, саат 14:30га карата жалпысынан жабыркаган 11 адам дарылануудан өтүүдө.

"Алардын ичинен экөө Улуттук госпиталда, 9у Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда. Керектүү дары-дармектер бар. Дарыгерлер күчтөтүлгөн артипте иштөөнү улантып жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында 22 жаштагы атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган. Чүй облустук милициянын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, оор абалда ооруканада. Ага эки ирет операция жасалды. Атамбаевдин тарапташтары болсо атайын даярдыктагы 6 аскерди кармап алышкан.

Пикир

Оставить комментарий