• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Абдыкалыков Казакстандагы кинофестивалда “Эң мыкты эркектин ролу” сыйлыгын алды

Маданият 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. Темир Бирназаровдун “Түнкү кырсык” тасмасындагы башкы ролду ойногон КР эл артисти Акылбек Абдыкалыков Шакен Айманов эл аралык кинофестивалында “Эң мыкты эркектин ролу” наамын алды. Бул тууралуу Киноматографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Аталган кинофестиваль Алмата шаарында 17-21-ноябрь күндөрү болуп өттү.

Айымдар арасында “Эң мыкты аялдын ролу” сыйлыгын Феруза Саидова жеңген. Ал өзбекстандык режиссер Зульфикар Мусаковдун “Атам сыркоолоду” аттуу тасмасында роль жараткан.

Мыкты тасма үчүн баш байгени якутиялык кинорежиссер Эдуард Новиковдун “Падыша куш” аттуу тасмасы жеңген. Ал эми Кыргызстандын атынан баш байгеге “Түнкү кырсык” тасмасы ат салышкан.

Аталган тасмалар “Бабалар мекени” сынак программасынын алкагында жарышышкан.

Белгилей кетсек, А.Абдыкалыков Азия фильмдер фестивалында да эркектин мыкты ролу сыйлыгына татыган.

Пикир

Оставить комментарий