• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Бишкектеги тазаланган кремний диоксид гранулдарын өндүрүүчү заводго барды

Өкмөт 0

Бишкек, 14.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан тазаланган кремний диоксидинин гранулдарын өндүрүүчү заводго барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров заводдун иши менен таанышып, өндүрүштүк жайларды жана лабораторияны кыдырып чыкты.

Ишкананын өндүрүш линиясы заманбап станоктор, ошондой эле өзүнүн жеке уникалдуу иштеп чыгуулары менен жабдылган. Мында заманбап технологиялык чечимдер колдонулат.

Заводдун продукциясы чет өлкөлөргө, анын ичинде Корея, Германия, Кытайга экспорттолот.

Жогорку тазалоодон өткөн кремний диоксидинин порошогу электроника, күн энергетикасы, батареяларды өндүрүү, жарык техникасы жана оптика, фармацевтика жана химиялык өнөр жай сыяктуу тармактарда колдонулат.

Министрлер кабинетинин төрагасы «Кыргызиндустрия» ААКга өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатуу максатында долбоорду каржылоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий