• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Казакстандын Алматы шаарына болгон иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар ЕРӨБ алкагындагы кызматташууларды, анын ичинде унаа жолдору, каржы жана энергетика тармагын кененирээк талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕРӨБдүн Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирүү менен банк өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү жана ал Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттарында олуттуу колдоо көрсөтүп жатканын белгиледи.

“Быйыл ЕРӨБ 16 долбоордун алкагында Кыргызстанга 41 млн евро инвестициялады. Өткөн жыл дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү туш болгон глобалдык жана аймактык чакырыктардын таасири астында өттү. Экономикада рецессияны болжолдогон бир катар уюмдардын жана эксперттердин болжолдоолоруна карабастан, Кыргызстан өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча реалдуу экономикалык өсүштү 7% камсыз кылды. Ошол эле учурда биз келечекке оптимисттик көз караштабыз жана Кыргызстанда пландаштырылган реформалар бизге чоң бийиктиктерди багынтууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз”, - деди ал.

Тараптар алгач ЕРӨБ аркылуу Түп – Каракол унаа жолун реконструкциялоо үчүн каржылык макулдашууну талкуулашты.

Ошондой эле жолугушууда ЕРӨБ менен кызматташуунун алкагында базалык пайыздык (өзгөрмө) LIBOR ченинен SOFR ченине өтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Аламүдүн-1 ГЭСин, Аламүдүн-2 ГЭСин жана Чакан ГЭСин реконструкциялоо, ошондой эле Быстров ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу жана андан ары реконструкциялоо сыяктуу энергетика тармагындагы бир катар маселелер сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен ЕРӨБ ортосундагы “ЕРӨБдүн Кыргызстандын аймагындагы кеңсеси жана ишмердүүлүгү жөнүндө” макулдашууну талкуулашты.

Акылбек Жапаров ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууда жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптери боюнча өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташууга чакырды.

“Кыргызстандын жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 142,5 млрд кВт саатты түзөт. Учурда жалпы потенциалды өздөштүрүү пайызы 10%ды гана түзөт. Кыргызстандын гидроэнергетика тармагында, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө абдан чоң потенциал бар”, - деди ал.

Өз кезегинде ЕРӨБ президенти Одиль Рено-Бассо Кыргызстан менен болгон жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирүү менен министер кабинетинин төрагасы тарабынан сунушталган гранттык-элементтери бар долбоорлордун санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароого даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий