• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин башчысы: Экспортту жогорулатуу – Баткен облусун өнүктүрүүгө шарт түзөт

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин көчмө жыйынында Акылбек Жапаров Баткен облусундагы экспорттун деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле жаңы ишканалардын ачылышы менен миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлөрүн кошумчалады.

«Буга катар экспорттук потенциал жогорулайт. Ал эми экспорттун көбөйүшү – региондун өнүгүшүнө түздөн-түз жол ачат», - деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, Өзбекстан Республикасынан пахтадан жасалган кездемелерди алып, Баткендин тигүү бизнесин өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр бар.

Андан соң Министрлер Кабинетинин башчысы аймактын тургундары өлкөдөн тышкары чыкпастан, региондо калып иштөөсү үчүн жергиликтүү ишканаларды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

«Өткөн жылы биз экономикалык инвестициялык форум өткөрдүк. 2022-жылы дүйнө жүзүнөн инвесторлорду чакырып, дагы бир форум өткөрөбүз. Быйылкы жылы капиталдык салымдар беренеси боюнча Баткен облусунун инфраструктурасын (сугат каналдарын, социалдык объектилерди жана жолдорду) өнүктүрүүгө 1,5 миллиард сом инвестициялап жатабыз. Ошол эле учурда кабыл алынган чечимдердин алкагында облусту өнүктүрүү үчүн бул сумманы 5 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Каналдар курулуп, ичүүчү, сугат суу менен камсыздалып, социалдык маселелер чечилиши керек», - деди министрлер кабинетинин башчысы жана бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жаа натыйжалуу багытталышынын зарылдыгын, коомдук жана парламенттик көзөмөлдүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий