• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров өлкө казынасын кантип толтурарын айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматындагы көмүскө иштердин баары ачыкка чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул иштерге президент Садыр Жапаровдун эрки жетет.

“2021-жылы бажы 50 млрд сом чогултат дегенбиз, ал 2,5 эсе аздык кылууда. Кийинки жылы сумманы 100 млрд сомго чыгарабыз. Быйыл бюджетти 280 млрд сом, эмдиги жылы 400 млрд сом менен аткарабыз деп турабыз”, - дейт ал.

Жапаров 2023-жылдын 1-январынан тарта пенсия, жөлөкпулдардын өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болбошу керектигин кошумчалады.

“Өлкөдө 720 миң пенсионер болсо, анын 48 пайызы жашоо минимумунан төмөн пенсия алат”, - деп маалымдады ал.

Пикир

Оставить комментарий