• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акылбек Жапаров Ольга Дзюбенконун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.12.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров оорудан улам күтүүсүз каза болгон Ольга Дзюенконун үй-бүлөсүнө жана жакындарына барып, көңүл айтты.

Министрлер кабинетинин башчысы Ольга Дзюбенконун адамдык жана кесипкөйлүк сапаттарын баса белгилеп, бул жалпы журналисттик коомчулук үчүн чоң жоготуу экенин кошумчалады.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров маркумдун уулуна министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн 100 миң сом өлчөмүндөгү каржылык каражатты которду.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында Эл аралык Reuters маалымат агенттигинин кабарчысы Ольга Ивановна Дзюбенко 69 жашында каза болгон.

Ольга Дзюбенко журналистика тармагында 40 жылдан ашык эмгектенип, ар дайым кесипкөйлүгү, мекенчилдиги менен айырмаланып, ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы Ольга Дзюбенконун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий